Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Баткен облусунун милициясы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаранды кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1957-жылы туулган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.