Баткенде «чогуу дыйканчылык кылабыз» деген жаран банктан 450 миң сом алдырып, качып кеткен

Баткенде банктан пайызга акча алдырып, изин суутуп кеткен жаран Ош облусунан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милицияга Баткен шаарынын 38 жаштагы тургуну кайрылып, 2023-жылдын апрель айынын башында 35 жаштагы жаран «чогуу дыйканчылык кылабыз» деп 450 миң сом банктан пайызга акча алдырып, акчасын алдоо жолу менен алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты катталып, тергөө амалдары башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Кара-Суу районунда качып жүргөн жеринен кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.