Баткенде дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси дааратканадан табылды

Баткенде дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси дааратканадан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-октябрь күнү саат 22:30 чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган үйүнөн 1988-жылы туулган жаран белгисиз тарапка чыгып кетип, кайрылып барган эмес. Милицияга жарандын эжеси 19-октябрь күнү арыз менен кайрылган. Бул факты Баткен РИИБге дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, издөө иштери жүрө баштайт. Издөө иштеринин жүрүшүндө, жарандын жансыз денеси дааратканадан табылды. Кылмышка шектелип, Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну жана анын 28 жаштагы бир тууган иниси кармалды.

Бул факты Жазык кодексинин 130-беренесине (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.