Баткенде ден соолукка залал келтирип издөөдө жүргөн жаран Ошто кармалды

Баткенде издөөдө жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Баткен шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери ден соолукка оор залал келтирүү боюнча кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармашты.

Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну Кылмыш-Жаза Кодекснин 130-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка оор залал келтирүү) менен айыпталып, издөөдө жүргөн. Ал изин жашырып Ош шаарында жүргөн жеринен кармалды. Азыркы учурда Баткен РИИБдин убактылуу кароочу жайына киргизилди. Бул кылмыш иши азыркы учурда соттук кароого өткөрүп берилген.