Баткенде досун өлтүрүүгө шектелип жаткан Чек ара кызматкери 2 айга камакка алынды

18-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматынын кезектеги өргүүдө жүргөн аскер кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип кармалган. Анын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан билдиришти.

17-сентябрь күнү аталган аскер кызматкери эки досу менен үлпөт тойдон кайтып келе жатып, ортолорунда чыккан оозеки кайым айтышуу мушташка айланып, жыйынтыгында бири каза болгон. 18-сентябрда аскер кызматкери укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.