Баткенде жанаша жайгашкан сарайлар өрттөндү. Өрт үйгө жеткиче өчүрүлгөн

Бүгүн, 30-август күнү таңкы саат 04:57де Баткен шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан сарай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 2 бөлүм тартылып, жанаша жайгашкан сарайга өткөн өрт таңкы саат 05:40та чектөөгө алынды. Өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ыкчам аракети менен саат 06:07де толугу менен өчүрүлүп, өрттөн жанаша жайгашкан турак үй сакталып калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес жана жабыркагандар жок.