Баткенде жарандан пачкалаган рубль менен долларлар табылды (видео)

Баткенде милиция кызматкерлери ири өлчөмдөгү акча каражатын аткезчилик жолу менен ташып жүргөн жаранды аныктап кармады. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районунун коңшулаш Өзбекстан Республикасы менен чектешкен Алга айылында 32 жаштагы тургун өзүнүн башкарган унаасында коңшу мамлекеттен аткезчилик жолу менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жаткан жеринен аныкталып кармалды.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган акчалардын жалпы суммасы 11 миллион 700 миң рубль жана 110 миң доллар далил катары алынган.

Бул факты Баткен ОИИБге Кылмыш жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык контрабанда) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.