Баткенде жаранды сабап, унаасынын терезесин сындырган шектүү кармалды

Кызыл-Кыя шаарында бирөөнү сабап, кийин башканы алдап кеткен шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну коомдук жайда 24 жаштагы жаранды уяткарып, эч бир себепсиз уруп, анын унаасынын алдыңкы айнегин уруп сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Андан кийин Ноокат районунун 40 жаштагы тургунунун Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаасын акчага баалап алып, акчасын бербей изин жашырып кеткен.

Жогорудагы окуялардан кийин жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылган. Бул арыздар Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголуп, издөө иштери ачылган. Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 22 жаштагы тургуну Бишкек шаарынан аныкталып, кармалган.