Баткенде жаранды уурдап, өлтүрүүгө буйрук бергенге шектүүлөр кармалды

Баткен облусунун жашоочусун уурдоону жана өлтүрүүнү уюштурганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү өзүнүн тааныштарына эки миллион сом үчүн кылмыштуу буюртманы аткарууну сунуштаган. Милиция кызматкерлери Кадамжай районунда жашаган адамды жасалма уурдоону уюштурушкан. Андан соң, уурдалган адамдын сүрөтүн укукка каршы аракеттин уюштуруучусуна көрсөтүшкөн. Дыкат жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармашкан. Кармалган шектүүлөр: уюштуруучусу мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип бир нече жолу соттолгон 1957-жылы туулган жаран, буюртманы аткаргандар 1979-жылы туулган жана мурда бир нече жолу соттолгон жаран. Шектүүлөрдөн баңги каражаты табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде (кылмышка даярдык көрүү) жана 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6,8-пункттарында (төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда алар Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалышты.