Баткенде жеңил унаанын айдоочусу оор жүк ташуучу унааны сүзүп, көз жумду

Баткендеги жол кырсыктан 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында катталган. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай КамАз оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган жигит каза болду. Жерине №76 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.