Баткенде жер талаштан улам жездеси кайнисин атып салууга шектелүүдө. Окуянын чоо-жайы

Баткенде жездеси кайнисин атып салууга шектелип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

2-август күнү саат 18:30 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкери Чаувай айылында 60 жаштагы жаран 49 жаштагы жаран менен анын уулу 22 жаштагы жигитти белгисиз ок атуучу курал менен аткандыгын билдирип, кабар берген.

Чаувай айылынын 49 жаштагы тургуну денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгонун, ал эми анын 22 жаштагы уулу денесинен алган жараатынан улам Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилгендиги маалым болгон.

Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзгөн учурда төмөнкүлөр аныкталган.
«Ошол эле күнү саат 18:00 чамаларында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылында ошол эле айылдын 60 жаштагы тургуну ошол эле айылдын тургуну 49 жаштагы кайниси менен мурдатан жер тилкесин талашып келишкендиктен, сөз талаша кетишип, шектүү мас абалында өзү менен алып жүргөн сайсыз беш ок атуучу куралы менен колуна атып, андан кийин анын жанында жүргөн баласын оң жак желкесине атып, окуя болгон жерден качып кеткен.Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү өзү жашаган үйүнөн кармалып, бир даана беш ок атуучу сайсыз куралы менен тергөө кызматына камсыз болгон. Маркумга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган»,— дешти.