Баткенде жер титиреди. Очогу Тажикстанда жайгашкан

Баткен облусунда жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:22де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.