Баткенде жол жээкте отурган жаранды өлтүрө сүзгөн шектүү кармалды

Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады.

28-январь түнкү саат 03:00 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Кыя-Кулатов унаа жолунун 1-чакырымында Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын тургуну 1975-жылы туулган жаран жол жээгинде отурган кезде белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кесепетинен 1975-жылы туулган жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Ошол учурда айдоочуну кармоо үчүн «Тосмо» иш-чарасы киргизилип, анын негизинде Кадамжай РИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 2002-жылы туулган жигит кармалып, тергөөгө жеткирилген.