Баткенде жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду

Кечээ, 9-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында (Өндүрүш айылы) Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жол кырсыгына жалпы 10 адам учурап, анын ичинен 3 жаран (1974-жылы туулган 1 эркек, 1965-жылы туулган, 1977-жылы туулган 2 аял) каза болду. 7 жаран жабыркаган, алардын ичинен бешөө эркек, экөө аял. Каза болгондордун жансыз денеси Айдаркен жана Кадамжай шаардык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген, ал эми жабыркаган жарандар Айдаркен шаардык ооруканага жеткирилди. Куткаруу иштерине 3 куткаруучу, Тез жардам кызматы жана милиция кызматкерлери тартылган.