Баткенде жол кырсыгынан 8 киши каза болду

Баткенде жол кырсыгынан 8 киши каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 22-ноябрда Ош-Раззаков жолунда катталган. Мерседес-Спринтер унаасы менен Опель-Вектра унаасы кагылышып, кырсыктын кесепетинен 8 киши каза болду. 1 адам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына түштү.