Баткенде жол кырсыгынан үч адам каза болду

Кадамжай районунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Дэу Тико үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, сайга оодарылып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек каза болуп (аты-жөндөрү такталууда) жана 1996-жылы туулган эркек киши жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Кырсык болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адам Тез жардам кызматкерлерине өткөрүлдү.