Баткенде жол кырсыкка кабылган блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешеванын абалы кандай?

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенде жол кырсыкка кабылышты. Маалыматты редакцияга Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. «25-декабрь күнү саат 12:30 чамасында Баткен району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында Баткен шаарынын тургуну өзүнүн Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарынан Баткен шаарын көздөй бара жатып рулга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен», дешти.

Арген Асанов менен Аружан Бекешева  буга чейин Баткен шаарында чай концерт болорун айтып, чакырган видео жарыялашкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги блогерлердин абалын билүү үчүн Арген Асанов менен байланыштык. Ал өзүнүн жакшы экенин айтып, Аружан Бекешеванын мойну сынганын билдирди. «Мен жакшы. Бүгүн Ошко которулабыз. Аружандын омурткасы, мойну сынды», — деди ал.