Баткенде жол кырсыкта 3 адам жабыркады. Аскер кызматкеринин абалы оор

Баткенде жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 24-августта саат 14:30да Баткен шаарында болгон. Анда 2004-жылы туулган жаран Лексус-350 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, бир багытта бара жаткан 2003-жылы туулган жарандын башкаруусундагы Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. 2 айдоочу жана бир жүргүнчү Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркагандардын бири Коргоо министрлигинин аскер кызматкери экени айтылды. Министрликтен бул тууралуу маалымат тастыкталып, жоокер үй-бүлөлүк себептерден улам эмгек өргүүсүндө болгондугу маалымдалды. Учурда анын абалы оор.