Баткенде жүргөн сел 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызып кетти

Кечээ, 5-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагында сел жүрүп, ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 26 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылган. Жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, бүгүн, 6-майда ӨКМден жалпы 33 куткаруучу тартылды.

Сел суулары жалпы 6 участкада, тактап айтканда, облустун Лейлек районунун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош-Раззаков унаа жолуна агып келген. Ал эми Сүлүктү шаарында селдин кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөнү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган. Түнү менен жеринде ӨКМдин куткаруучулары жана Жарандык коргонуу кызматтары жумуш алып барып, бүгүн, 6-май саат 7:00гө карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөсү толук тазаланды. Бактыга жараша табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок.

Учурда Ош-Раззаков унаа жолун тазалап, каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда.