Баткенде жүргөн сел: Бир катар жолдор жабылды

Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улаам Айгүл-Таш — Согмент — Таян, Сох — Кан — Зардалы, Коргон — Катран — Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен — Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду. Кошумча маалымат берилет.