Баткенде каналга түшүп кеткен унаа чыгарылды. Жабыркаган жаран дарыгерлерге өткөрүп берилген

Баткенде каналга түшүп кеткен унаа чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 11-июль күнү Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Өл-Агыш айылында болгон. Такталган маалыматка ылайык, Матиз үлгүсүндөгү унаа Жолбоону каналына түшүп кеткен.

№76 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн тартылган 4 куткаруучунун көмөгү менен унаа каналдан чыгарылып, жабыркаган жаран Тез жардам кызматына өткөрүп берилген.