Баткенде куткаруучулар 390 метр тереңдикте шахтадагы өрттү жоюшту

Кечээ, 3-январь күнү Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасынан өрт чыккандыгын аталган шахтанын башкы инженери билдирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Жерине ӨКМден 8 куткаруучу тартылып, 390 метр тереңдикке кирүү менен 2 парустук тосмо орнотуп беришкен. Ошондой эле куткаруучулардын ыкчам аракети менен тилсиз жоонун кесепеттери жоюлду. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.