Баткенде күйүүчү-майлоочу майдын контрабандалык ишине бөгөт коюлду

Күйүүчү-майлоочу майдын контрабандалык ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен райондук сотунун берилген санкциясынын негизинде, УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте, Лейлек районунда жайгашкан «Россия» май куюучу жайынын кампасынан жана ага тийиштүү аймакка тинтүү жүргүзүлдү. Кампанын аймагынан тинтүү жүргүзүү учурунда, Опел Зафира жүргүнчү ташуучу унаа менен Кыргызстандын аймагына өткөрүү пункттарынан тышкары жерден кирип келген коңшу өлкөнүн жараны кармалган.

Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташуу үчүн атайын жабдылган цистерна (бак) 900 литр күйүүчү май менен толтурулган, коңшу өлкөнүн базарларына сатууга унаанын салонуна атайын орнотулгандыгы аныкталды. Тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында кармалган жаран Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.