Баткенде майыптыгы бар кызы менен 90 жаштагы энеге үй куруп берген окуя. Үйүн тоноп кетишти

Буга чейин Баткенде жетекчилердин биргелешкен аракети менен 90 жаштагы энеге үй курулган. 90 жаштагы Ташбүбү Абилова 54 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен туруктуу жашаган жайы жок айылдагы бош үйлөрдө баш калкалап келген.

20-август күнү Ташбүбү Абилова ден соолугу начарлап, кызы менен кошо ооруканага кетет. Ошол күнү Абилованын үйүнүн терезелери ачык калып, үй буюмдары белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын эртеси, тактап айтканда, 21-август күнү байкаган. Алар бул боюнча милицияга кайрылган эмес.

Бул маалымат социалдык тармакка чыккан соң, Баткен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон үйгө барып Абилованын тамак бышырчу плитасы, казаны жана конвертте турган 2000 сом акчасы жоголгондугун такташкан.

Бул факты Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.