Баткенде мас абалында көпүрөгө кулап түшкөн жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 23-апрелде болгон. Мас абалындагы эркек киши Кадамжай шаарында көпүрөдөн кулап кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жаранды алып чыгып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылат.