Баткенде мас абалында көпүрөдөн кулап кеткен жаран куткарылды

Баткенде мас абалында көпүрөгө кулап түшкөн жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 23-апрелде болгон. Мас абалындагы эркек киши Кадамжай шаарында көпүрөдөн кулап кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жаранды алып чыгып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.  Анын абалы канааттандырарлык экени айтылат.