Баткенде мас абалындагы айдоочу милиция кызматкерине кол көтөргөн

Авто бейбаштык жасаган жаран бийлик өкүлүнө кол көтөргөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен районунун Кара-Бак айылында кечээ, 1-сентябрда саат 03:55 чамасында автобейбаштык жасап, элдин тынчын алган окуя боюнча милиция кызматкери барып, абалды жөнгө салып, автобейбаштык жасаган жаранды тынчтандырууга чакырган. Бирок милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, жаран милиция кызматкерине кол салган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен катталып, Кара-Бак айылынын 25 жаштагы тургуну ошол жерден кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кармалган жарандын мас экендиги аныкталып, учурда бул окуяга катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.