Баткенде мектептин директору бычакталып көз жумду

Буга чейин Баткен ОИИБ маалымат таратып, 25-декабрда саат 22:45 чамасында Баткен районунун Бөжөй айылында жергиликтүү тургун оор жаракат алганын билдирген. Ал алган жараатынан көз жумду.

Айылдын 43 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Милиция кызматкерлери ал курч буюм менен ичине, жонуна жаракат алганын аныкташкан. Бул факты денеге атайын оор залал келтирүү беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Өндүрүш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары Бөжөй айылынын 24 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары анын мектеп директору экенин жазып чыгышты. Алдын ала маалыматка караганда, ал тойдо жүргөн. Андан кийин кесиптешине жолугушууга барган. Ал жакта кесиптешинин иниси менен чыр чыгып, ага бычак сайылган.