Баткенде милициянын подполковниги кылмышка шектелип кармалды

Милициянын подполковниги «адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен ачылган кылмыш ишине катыштыгы бар делип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алынган ыкчам маалымат боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери мыйзамды бузган кызматкерди кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. 13-мартта ИИМдин Ички иликтөө кызматы Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын подполковнигин кармаган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан сырткары, экинчи шектүү Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковнигин кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.