Баткенде мөндүр аралаш катуу жаан жаады

Кечээ, 13-май күнү саат 17:00 чамасында тоо этектерине мөндүр аралаш жааган жаандан улам Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Жети-Таш айылына өтүүчү унаа жолдун 18-чакырымын кум шагылга толтурган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ал эми Бешкент айыл өкмөтүнүн Шоро-Сай участкасынын ички сугат арыктарына жана жолдорго, Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында №13 Жол тейлөө ишканасына караштуу ички чарбалык жолдоруна да сел суулары келген. Жерине Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, тактоо иштери жүргүзүлгөн. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кең-Талаа айыл өкмөтүнө трактор тартылып, оңдоп түзөө иштери колго алынды.