Баткенде мурда соттолгон жаран кайра камалды. Анын үйүнөн баңгизат табылган

Мурда соттолгон жаран баңги затын үйүнө сактагандыктан кайрадан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери алынган ыкчам маалымат Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, анын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда жашаган үйүнөн 84 граммдан ашуун өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылып алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 84 грамм апийим экендиги аныкталып, тергөө иштерин жүрүшүндө 40 жаштагы жарандын мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болду. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.