Баткенде мурдагы аялын сабап, мыкаачылык менен зордуктоого шектүү кармалды

Мурдагы аялын коркутуп, мыкаачылык менен зордуктап, ур-токмокко алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун 33 жаштагы тургун Кызыл-Кыя ШИИБге барып, 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага ажырашкан 35 жаштагы күйөөсү коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп, денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы жаран Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 9-август күнү кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБге жеткирилген.