Баткенде насвай ташыган Хонда Фит унаасы конфискацияланды

УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында 7-октябрда Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы насвай табылып алынган.
Аталган фактынын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан 372-1-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. 9-ноябрда Баткен райондук соту президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, жаран күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечими чыгарылды.