Баткенде облустук оорукананын мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Баткен шаарында облустук бириккен ооруканасынын аймагындагы жер тилкесин жана Бужум айылында жайгашкан дарыкананы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган. Алар мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.

«Автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «кылмыштардын бирдиктүү реестри» маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган материалдардын чегинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлери мүлктөрдү мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп беришти», — деп жазылат маалыматта.