Жергиликтүү ЖМКлар Баткенде 10-класстын окуучусу айылдашы тарабынан зордукталганын жазып чыгышты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден тастыкташты.
«Бул факты каттоого алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — дешти милициядан.
Ал эми шектүнүн 31 жашта экени айтылууда.