Баткенде окуучуну сабаган мугалим камакка алынып, эмне үчүн мындай ишке барганы маалым болду

Социалдык тармактарда Кызыл-Кыядагы кыргыз-түрк «Сапат» билим берүү лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан видео тараган. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады.

Окуя боюнча Баткен ОИИБден маалымат беришти. «Социалдык тармактарда тараган видео боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү билдирме менен кайрылган. 24-январь күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео тасмага түшкөн 35 жаштагы мугалим 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетине колу менен ургандыгы маалым болгон.

Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Жашы жете элек 16 жаштагы балага соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 35 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды»,- дешти.