Баткенде онго жакын адам турак жай кооперативдерине алданганын айтып, милицияга кайрылган

Баткенде турак жай кооперативдерине алданган жарандар милицияга кайрылууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө “S-line”, “Ихсан групп ЛТД” жана “Биринчи турак жай” сыяктуу турак жай кооперативдерине көп сандаган жарандар алданган. Арасында Баткен облусунун тургундары да бар. Азыркы күндө жогорудагы алданууларга Баткен облусу боюнча 10го жакын жаран арыз менен облустун аймактарындагы ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылууда»,- деп айтылат маалыматта.