Баткенде Ооганстандын жараны 15 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды

Ооганстандын жараны өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында жүргүзүшкөн иш-чараларынын натыйжасында Ооганстандан чыккан баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Ооганстандын 1980-жылы туулган жаранын кармашты.

Шектүүдөн ооган тектүү баңгизаттар өзгөчө ири өлчөмдө табылып алынган: 6 килограмм 942 грамм “героин” жана 9 килограмм 550 грамм “гашиш”. Кармалган адам бул баңгизаттарды Орусияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнү пландаштырган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Тергөө уланууда.