Коргоо министрлигинин Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүктүн Н.А. аттуу контракттык аскер кызматкерине жана Э.у.Д. аттуу жаранга карата “Адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Тергөөнүн жүрүшүндө, алар Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылында Т.Ж. аттуу жаранды жана ага таандык “Мерседес-Бенц” автоунаасын жүгү менен укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз деп коркутуу жолу менен андан 100 000 сом алышкандыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.