Баткенде Өзбекстандын жараны кармалды. Андан 3 килограмм гашиш табылган

Баңгизатты жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстанстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 22-февралда Өзбекстан Республикасынын жараны Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалган. Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылган. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.