Баткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, акча алган шектүү кармалды

Баткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милицияга арыз менен Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 16-февраль күнү белгисиз адам өзүн «Баткен облустук ички иштер башкармалыгында иштейм» деп алдап, анын Өзбек жараны болгон таанышына, Кыргыз жарандыгын алып берем деп, 40 миң сом акчасын алып, эч кандай жарандыкты алып бербестен же акчаны кайтарып бербестен, изин жашырып жүргөндүгүн билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалып, Баткен РИИБдин убактылуу кармочу жайына кыргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.