Баткенде садака кутучасын уурдаганга шектелип, 19 жаштагы тургун кармалды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 27 жаштагы тургуну Баткен шаарындагы унаа жуучу жайга таштап кеткен Toyota Vios үлгүсүндөгү автоунаасын 22-декабрь күнү белгисиз жарандар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Эртеси милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган унаа сүзүлгөн абалда Баткен шаарындагы бактардын арасынан табылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Баткен шаарындагы азык-түлүк саткан дүкөндөн болжол менен 10 миң сом тегерегиндеги акча жана азык-түлүк, ошону менен бирге садака кутучасындагы акчаны уурдап кеткен. Бул боюнча дүкөн ээси арыз менен кайрылган. Бул арыздар Баткен ШИИБдин КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, Баткен районунун Кара-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну жана Кара-Бак айылынын тургуну Баткен шаарынан аныкталып, 24-декабрь күнү далил буюмдары менен кармалып, Баткен ШИИБдин тергөө кызматына камсыздалып өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.