Баткенде Салим Абдувалиев менен сүрөткө түшүп, мактанган жаран кармалды

Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев менен сүрөткө түшкөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

1978-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында туулган жаран ушул кезге чейин толук аты-жөнүн бир нече жолу өзгөрткөн. Алынган маалыматка караганда, ал үстүбүздөгү жылдын август айында Москва шаарынан Раззаков шаарына барганда УКМК тарабынан издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (лакап аты Салимбой-бойвача) менен түшкөн биргелешкен сүрөтүн көрсөтүп, өз чөйрөсүндө мактанган.

16-августта аталган жаран УКМКнын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жеткирилип, сурак учурунда айылдашы Кундузов Шухрат (2022-жылы каза болгон) менен Ташкентке барган мезгилинде Абдувалиев менен жолугушкандыгын тастыктаган. Ошондон кийин аны менен жана анын айланасындагылар менен жолуккан эмес, биргелешкен иштери да болгон эмес. Учурда ал Орусияда эмгек миграциясында болуп, жеке ташуучу болуп эмгектенет.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топко жана аны каржылоого катышы бар экендиги азырынча тастыктала элек, бирок ал криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүү боюнча өзүнүн жасаган иштеринин укукка каршы кесепеттерин түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерди кайталабоого милдеттенди.