Баткенде селден 5 жаштагы бала каза болуп, миңден ашык адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Баткенде селден улам 1 миңден ашык жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев бүгүн эртең менен саат 7:00дө сел кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү.

24-июнь күнү Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен алдын ала маалымат боюнча, 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 социалдык объектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Тилекке каршы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы баланын жансыз денеси саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну жабыркап, ооруканага жаткырылды, абалы орто. Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.