Баткенде таанышын өлтүрүүгө шектүү өзүн-өзү атып салган. Окуянын чоо-жайы

Кылмыш жоопкерчилигинен качкан адам өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-август күнү саат 16:27 чамасында Лейлек РИИБдин “102” кызматына Лейлек районунун 51 жаштагы М.К. аттуу тургуну ок атуучу куралдан каза болгондугу боюнча маалымат түшкөн. Алынган маалымат Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Лейлек РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, төмөнкүлөрдү аныктаган.

21-август күнү М.К. аялы экөө өзүнүн Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаада тойдон кайтып келе жатканда мурдатан жакшы таанышы болгон Ак-Булак айылынын 55 жаштагы тургуну Б.М. аларды токтотуп, М.К. менен учурашып, өзүнүн унаасында турган 12 калибрлүү сайсыз ок атуучу куралын алып чыгып мурдагы келишпестиктен улам М.К.нын көкүрөгүнө эки жолу атып, окуя болгон жерден изин жашырган.

Бул жагдай боюнча кылмышка шектүү Б.М.га издөө уюштурулуп, 21-август күнү саат 17:50 чамаларында Лейлек районунун Кара-Таш жайытында өзүнүн атына катталган 12 калибрлүү 1 стволдуу сайсыз ок атуучу куралы менен өзүнүн көкүрөгүнө өзү атып каза болгондугу белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча ар тараптуу тергөө амалдарын жүргүзүп, объективдүү чечим кабыл алуу максатында Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалары дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.