Баткенде тергөөчүгө 4 миң доллар берген шектүү кармалды

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

3-декабрда Баткен районунун 1965-жылы туулган тургуну өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө 4 миң доллар акча сунуштагандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, Баткен ОИИБдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын кызматкелери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында жаран пара катарында алып келген 4 миң долларын тергөөчүгө берип жаткан жеринен кармалган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүлүүдө.