Баткенде Тез жардам унаасынын айдоочусу менен фельдшердин жолдошу кармалды. Окуянын-чоо жайы

Баткен облусунун аймагында баңгизат колдонууга шектелип 2 жаран аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен ОИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери “баңги затын колдонуп жүрөт” делген ыкчам маалыматтын негизинде облус аймагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөн. Облус аймагындагы ооруканалардын биринде Тез жардам унаасын айдаган айдоочу жана ошол айдоочу менен чогуу иштеген фельдшер аялдын күйөөсү аныкталган.

Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө облустун тургуну 43 жаштагы жаран өзү жашаган үйүнө притон уюштуруп, баңгизатын колдонуп жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтын негизинде, тинтүү жүргүзүлүп, анын жашаган турак үйүнөн 5,4 грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо алынган. Мындан сырткары, анын кылмыштуу шериги 50 жаштагы жаран жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө анын үйүнөн дагы 4 грамм кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып, колдонгон шаймандары менен кошо акт түзүп алынган.

Бул факты Баткен ОИИБге Кылмыш жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо), 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар наркотиканын “гашиш” түрү экендиги аныкталып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.