Баткенде тоодон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда чыккан өрт саат 12:34тө толугу менен өчүрүлдү.
Кечээ, 13-сентябрда саат 17:50дө Кара-Тазы жайлоосунда куураган чөп өрттөнүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жерине саат 18:10до Баткен району боюнча 5 өрт өчүрүүчү-куткаруучу, кошумча дагы 5 куткаруучу чыгышкан. Өрттү өчүрүүгө кошумча күч катары Токой чарба кызматынан 5, Баткен райондук ИИБнөн 5, Кара-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынан 40, ошондой эле Алтын-Бешик айыл аймагынан 50, жалпы 75 жаран тартылган. Тилсиз жоо саат 21:00дө чектөөгө алынып, түнкү нөөмөттө да куткаруучулар калган.
Бүгүн, 14-сентябрь күнү тоодогу өрттү өчүрүү иштерин улантуу максатында токой чарба кызматынан 20 жана жеринде нөөмөттө калган 2 кызматкер, жалпы 22 жаран тартылган.