Баткен районунда каракчылыкка шектелген 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы 77 жаштагы аялдын үйүнө 18-ноябрга карган түнү болжол менен саат 03:00 чамаларында беткап кийген жаран кирип, оозун колу менен басып, акча талап кылган. Акча издеп, эки сандыкты чачып, эч нерсе тапкан эмес.
Бул факты Баткен РИИБге Кылмыш жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Кызыл-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.