Баткенде түндө көчөлөрдө белгисиз жазуулар пайда болгон. 3 шектүү кармалды

Баткендин көчөлөрүнө белгисиз жазууларды жазган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Баткен шаарынын көчөлөрүнө 18-сентябрга караган түнү белгисиз жазуулар пайда болгон. Бул жазуулар баңги заттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар экендиги маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 18-сентябрь күнү эртең менен Ош шаарынын үч тургуну аныкталып, Баткен шаарынан кармалган.

Бул жарандар синтетикалык баңги затын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан. Жогорудагы бул факты катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.